Бишкек троллейбус башкармалыгы 72 жылдыгын белгилөөдө

Коом 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгы 72 жылдыгын белгилөөдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 1951-жылы 13-январда Фрунзе шаарынын көчөлөрүндө биринчи жолу төрт мүйүздүү унаалар пайда болгон. Биринчи каттам темир жол вокзалынан Илимдер академиясына каттаган.

Троллейбустар ишке киришкен биринчи жылынын ичинде үч жарым миллиондон ашык жүргүнчүнү ташыган.

"Башкармалыктын курамына 2 автобаза, энергочарба, 19 көмөкчордон жана 7 диспетчердик пункттар кирет. Күнүнө каттамга 140 троллейбус чыгат. Ишканада 610 адам эмгектенсе, алардын ичинен 100дөн ашууну "Эмгектин ардагерлери" наамына ээ. Алардын ишканадагы иш тажрыйбасы 25 жылдан ашты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий