• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкек жаңыланууда. Мэр Айбек Жунушалиев эгемендик күнүнө карата эмнелер өзгөрөөрүн айтып берди

Маек 0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Кабар" агенттигине борбор калаадагы транспорт, курулуш маселелеринен тартып жашылдандыруу жана тазалыкка чейинки аткарылып жаткан жана пландалган иштер тууралуу маек курду.

– Азыр Бишкекте таңкы саат беш. Шаардыктар жаңыдан ойгонуп баштады. Айбек Жанышбекович эмне үчүн маекти биз менен ушул убакка пландадыңыз?

– Көпчүлүк муну таң атпай саат бештеги интервьюну PR акция катары кабылдашы мүмкүн. Бирок андай эмес. Бизде саат тогузда жумуш башталат. Кабинетке киргенде иштин көптүгүнөн убакыт абдан тар. Мына азыр аким да жанымда. Муниципалдык кызматтардын жетекчилери шаарда аткарылып жаткан иштерге көз салып, иштин көлөмүнө, сапатына баа берип турат. Кайсылары планга ылайык аткарылып жатат, кайсылары артта калды баарына көзөмөл жүргүзүлөт. Ошондуктан саат бештен тартып сегиз жарымга чейин алардын шаар ичин кыдырып чыгууга убакыты бар. Мына биз азыр Эркиндик бульварында турабыз. Көрүп турганыңыздардай бул жер жаңыланды. Кеңейип калганы да байкалып жатса керек. Бул жердеги мурдагы бадалдар кыркылды. Шаар көркүнө чыгыш үчүн газон, бак-дарактарды, сугаруу системасы жаңыртылды.

– Өткөн жуманын соңунда Ала-Арча суусунун түштүк тарабы тазалоо иштеринен кийин жарыктандырылып, балыктар кое берилди. Көп өтпөй эле айрым шаар тургундары кайырмак менен балыктарды кармап алууга да жетишти. Бул көрүнүштөргө сиздин оюңуз кандай? Шаардыктар мындай өзгөрүүлөргө даяр эмеспи?

– Бул балыктарды сууга кое бергенде шаардык бюджеттин каражаты коротулду деп айтып чыгышты. Жок, бул балыктар демөөрчүлөр тарабынан алып келинген. Алар Ала-Арчанын нугун таштандылардан тазалап жатканыбызды көрүп, эми тазарып калган сууда балыктар жашаса деген жакшы ниеттерин билдиришкен. Эң башкысы жарандарды таштанды ыргытпай, сууну таза кармоого чакыруу эле. Биз каналдын ичинен жылдап чогулган таштандыларды чыгардык. Экологиялык акцияны мына азыр блогерлер жана башка шаардыктар колдоп, балыктардын санын көбөйтүштү.

Биз эртең менен көчөгө чыккандан бери шаардык кызматтар сугаруу, көчө шыпыруу сыяктуу бир катар жумуштарды аткарып жатканына күбө болуп турабыз. Алар үчүн бул адатка айланса керек?

– Ооба, туура айтасыз. Биз эмне үчүн шаар жашоочуларын саат 7ден 12ге чейин таштандыларды чыгарууну айтып келебиз. Анткени күндүз таштандылар чогултулуп, шаар ичи тазаланып калышы шарт.

– Мына биз турган Фрунзе көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Борбор калаадагы ушундай жолдорду ремонттоого канча убакыт талап кылынат деп ойлойсуз?

– Жолдорду толугу менен оңдоого менин оюмча 2-3 жыл кетсе керек. Азыр мен кызматка келгичекти башталган жол оңдоо иштери аяктай элек. Анткени, ал убакта кылына элек жумуштарга эле акча каражаты төлөнүп берилген экен. Ал эми биз баштаган иштер азыр ылдам темпте бүткөрүлүп жатат. 10-15 күндү үнөмдөө биз үчүн маанилүү. Көрсөңүздөр керек, Абдрахманов, Ахунбаев көчөлөрүндө иштер аяктап калды. Жол салганда дайыма арык да болуп, суу келип туруусуна өзгөчө көңүл буруп жатабыз.

Быйыл борбор калаада бир катар объекттер оңдолууда. Анын ичинде Ала-Тоо аянтындагы, стандиондогу реконструкциялоо иштери да бар. Булардын курулуш иштеринин аяктоо мөөнөтү кандай?

– Алардагы белгиленген иштер 20-августка чейин бүтүүсү керек. Анткени аянтты биз алдын ала даярдыктан өткөрүшүбүз зарыл. Фонтанды иштетип көрөбүз. 100 метрлик жаңы желек сабы орнотулат. Азыр ал даяр болуп, Түркиядан келе жатат. Аны орнотуу үчүн ар бир пландаган ишибизди миллиметрге чейин эсептеп, экспертизадан өткөрдүк. Биз аны жүзөгө ашырууга болгон күч-аракетибизди жумшадык.

Булардын бардыгы бюджеттин эсебинен каржыланып жатабы?

– Ооба, биз бюджетибизди 40-50%га көбөйтүп, 32 млрд сомго жеткирдик. Көпчүлүк жарандар муну аймактын кеңейгендигине байланыштырып жатышат. Жок, андай эмес. Кошулган аймак бизге болгону 868 млн сом алып келет. Ал эми 32 млрд сом шаардын бюджети. Биз анын киреше бөлүгүн көбөйттүк. Ал каражаттарды биз жол курууга, бир катар оңдоо иштерине жумшайбыз.

Сиз экинчи жолу мэр болуп дайындалдыңыз. Азыр көрүп жатабыз, шаар өзгөрүп, мектептер, бала бакчалар салынууда, кошумча корпустар курулуп жатат. Ал эми шаар жетекчилигинде кандай өзгөрүүлөр бар? Анткени иштен көп нерсе көз каранды да.

– Бул жагдайда биз президенттин администрациясынын тажрыйбасын колдоно алдык десек болот. Тармактык бөлүмдөрдү ирээтке келтирдик. Азыр үч башкармалык иштейт. Биринчиси, уюштуруу контролдоо башкармалыгы, чечимдерди чыгаруу башкармалыгы, кийинкиси анализдөө жана программаларды сунуштоо башкармалыгы. Алар мэриянын ишине оң таасирин тийгизип жатат. Кандайдыр бир программалар, долбоорлор же сунуштар жылдап талкууланбашы кажет. Тескерисинче, мэрия мобилдүү иштеп, чечимдерди бат кабыл алуусу зарыл. Бул багытта бизде бир топ жылыштар бар, командабыздын каалоолору жана мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү.

Бишкек шаары Кыргызстандын борбору болгондуктан, чет элдик коноктор келгенде меймандостукту даңазалоосу маанилүү да, улуттук продукцияларды сунуштай турган дүкөндөр, туристтер чогула турган жерлер көп болушу керекпи?

– Борбордун чок ортосундагы аткарылып жаткан иштер дал ушул максаттарды көздөйт. Мына агропромдун имараты толугу менен өзгөрөт, ал жакка эс алуучулар тамактана турган жайлар, этно-дүкөндөр жайгашат. Бишкектин өзүнүн бренди пайда болот.

Эми транспорт маселесине кайрылсак...

– Бишкектен троллейбус каттамдары толугу менен алынат. Мындай кадам менен шаар ичи троллейбус линияларынан тазаланып, учур талабына жараша мобилдүү автобустар эл ташууга киргизилет. Биз бардык аракеттерибизди шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн кылып жатабыз. Кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат, азыр мына жарнамалык такталар да тазаланууда. Электр өткөрүүчү зымдар, кабелдер жер асты менен алып өтүлүп жатат. Экинчиден, троллейбус өз багыты боюнча белгилүү бир көчөлөр менен гана жүрөт. Аны убактылуу башка көчөлөргө бура албайбыз. Электробустар жана башка транспорт каражаттары мобилдүү болгондуктан, тыгын маселесин чечүүдө жардамы да тийет. Ошондой эле биз троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн саны кыскарганын да байкап, ушундай чечимге келдик. Мэрия кызматкерлери жол тыгынына кайдыгер мамиле жасабай, коомдук транспортко түшүүнү адатка айлантышууда. Мен болсо шейшемби жана бейшемби күндөрү жумушка жөө келем.

– Жаңы келген атобустар тууралуу айта кетсеңиз, эмне үчүн алар кондиционери жок алынып калды эле?

– Убагында техникалык тапшырмалардын негизинде бул автобустар сатылып алынган. Бул жерде бир нерсени түшүнүп коюу керек. Маселен, автобуста кондиционер иштеп турса, ар бир аялдамадан токтогон сайын эшиктер ачылат, бул техникалык жактан абдан чон суроо жаратчу маселе. Эгер желдетүүчү системасы иштетилген болсо, 1-2 жумада эле жарактан чыгып калат болушу керек. Анткени, кондиционер муздак аба чыгарууга жетишпейт. Ошондой эле автобустар кондиционери бар-жогуна жараша баасы да ар кандай.

Кытайга болгон иш сапарыңызда шаар өнүктүрүү багытында кандай макулдашууларга жетишилди?

– Циндао шаарына барганда питомник курууну макулдашканбыз. Азыр биз 100 гектар жерди караштырып жатабыз. Питомникке бак-дарактарды өстүрөбүз. Шаарга жалбырактуу бактарды отургузууну улантабыз.

Реконструкциялоо иштерине токтолсок, жаңы төшөлүп жаткан брусчаткалар сапаттуусуна алмаштырылып жатабы?

– Азыр жарака кеткен, эскирген брусчаткалар жаңысына, калыңына алмаштырылууда. Дагы айта кетчү нерсе, биз кайсы жерде иш жүргүзбөйлү, көбүрөөк орундарды бошотууга аракет көрүп жатабыз. Ала-Тоо аянтындагы флагштокторду алып салдык. Анткени элдин эс алуусуна жер кенен болуусу керек. Мен кече кечинде кетип баратып жолдон көрүп калдым, шаар тургундары парктарда, газондордо жай баракат эс алып отурушат. Элдин эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Эң башкысы таштанды таштабай, тазалыкты сактаса бизге ошол жетиштүү. Биз Муниципалдык инспекцияны ишке киргиздик. Айыптардын 98%ы шаар көркүн бузган жана таштандыларды тазалабаган субъекттерге тиешелүү. Шаар таштандыга толуп турбашы үчүн “Тазалык” ишканасына жаңы техникаларды алууну да колго алабыз.

– Шаар четиндеги кичи райондорду жана жаңы конуштарды өнүктүрүү боюнча кандай пландар бар?

Өткөндө япон адистери келгенде шаар ичиндеги транспорттун көптүгүнө таң калышты. Алар унаалардын санын жөнгө салуу керек экендигин, канча жаңы жолдор салынса да тыгын маселесин чече албайсыңар деп айтышты. Ошондуктан биз Батыш жана Чыгыш автобекеттерин шаар сыртына чыгарып жатабыз. Ош базарынын жаңы комплексине капсула салдык. Ал жакта турак жайлар, автобекеттер бадыгы комплекске кирет.

– Ататүрк паркы тууралуу да сөз кылбасак болбойт, азын-оолак айта кетиңиз

Биз буга чейинки чечимди жокко чыгардык. Жашыл зоналарды шаарга кайтарышыбыз керек. Баары мыйзамдуу түрдө каралат.

Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий