• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкек жана Анкара мэрлери Мустафа Кемал Ататүрктүн эстелигине гүл коюшту

Коом 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш борбор калаадагы Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил багында Ататүрктүн эстелигине гүл коюшту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, гүл коюу аземине Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садик Доган катышты.

Эки шаардын башчылары паркты кыдырып, паркты реконструкциялоо маселесин талкуулашты.

Жеринде "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы паркты реконструкциялоонун алдын ала долбоорун көрсөтүштү.

"Бул парк муниципалитет, биздин жарандар жана борбор калаанын коноктору үчүн абдан маанилүү", - деп кошумчалады шаар башчысы.

Белгилей кетсек, Анкара шаарынын мэринин Бишкекке 1992-жылдан берки биринчи сапары. Ошондой эле Бишкек – Анкара шаарынын мэри 2024-жылдын март айында кызматка шайлангандан кийин барган биринчи шаар.

Пикир

Оставить комментарий