• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Сак болуңуз! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу ыктымал

Коом 0

Бишкек, 05.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө бүгүн күндүз катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Электр чубалгыларынан, жарнама калгандарынан, бак-дарактардан жана башка кооптуу жерлерден алыс болууга чакырабыз.

Эгерде кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз, токтоосуз 112 кызматына билдириңиз . Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий