• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек жана Екатеринбург шаарларынын байланыштарын өнүктүрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын башкы консулу Максат Тентимишов Екатеринбург шаарынын башчысы Алексей Орлов менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптар Бишкек жана Екатеринбург шаарларынын бир тууган байланыштарын өнүктүрүүдө кыргыз-орус муниципалдык кызматташтыгын активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Бул өңүттө тараптар экономика, соода, туризм (анын ичинде профсоздар линиясы аркылуу дагы), маданият, билим берүү, илим, медицина, спорт жана башка тармактардагы муниципалитеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн мындан аркы артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.

Башкы консул Тентимишов Сысерт шаарында (Екатеринбург агломерациясынын курамына кирет) “Боз үй шаарчасын куруу” сыяктуу биргелешкен долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилеп, орус тарапты Уралдын борборунда Кыргызстандын маданий борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, кыргызстандык ишкерлер менен айыл чарба продукцияларын жеткирүү боюнча шаардын соода түйүндөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Өз кезегинде Екатеринбург шаарынын башчысы А.Орлов Бишкек шаарынын мэри А.Джунушалиевди тажрыйба алмашуу максатында ноябрь айында өтүүчү "Россия шаарлары" форумуна чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыктын Жол картасына кол коюу менен Бишкек жана Екатеринбург шаарларынын башчыларынын өз ара иш сапарларын уюштуруу макулдашуусуна жетишти.

Пикир

Оставить комментарий