• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек жана Ереван шаарларынын кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Армениянын Кыргызстандагы элчиси Армен Гевандян менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда Бишкек жана Ереван шаарларынын ортосундагы шаарлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Айбек Жунушалиев эки элдин ортосундагы маданий, экономикалык жана башка тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.

Пикир

Оставить комментарий