Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Бишкек жана Кара-Балтанын айрым райондорунда 23-майдан 25-майга чейин газ берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, газ берүүнү токтотуу алдыдагы күз-кыш мезгилдерине даярданууга байланыштуу болмокчу.
«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Пикир
Оставить комментарий