• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

"Бишкек" жана "Минск" эркин экономикалык аймактары кызматташат

Коом 0

Бишкек, 21.09.24. /Кабар/. Минск шаарында "Бишкек" эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) менен "Минск" эркин экономикалык аймагынын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кол коюу Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин көмөгү астында ишке ашты. Документке "Бишкек" ЭЭАнын башкы директору Умбриэль Темиралиев жана "Минск" ЭЭАнын жетекчиси Анатолий Бубен кол коюшту.

Тараптар өзгөчө логистика, жеңил өнөр жай, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана IT-секторундагы компанияларга өзгөчө кызыгуусун билдиришти.

Мындан тышкары, Умбриэль Темиралиев менен “Великий камень” индустриалдык паркынын администрация башчысы Александр Ярошенко кызматташуу келишимине кол коюшту.

Индустриалдык паркка болгон сапардын жүрүшүндө "Бишкек" ЭЭАсы индустриалдык парктарды ишке киргизүү жана чакан жана орто бизнеске бизнес-инкубаторлорду ачуу үчүн инвесторлор менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Андан ары Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев жана “Бишкек” ЭЭАнын башкы директору Умбриэль Темиралиев иш сапары менен Гомель облусуна барышты.

Алар XVIII Гомель экономикалык форумуна катышып, анын алкагында “Бишкек” ЭЭАсы менен “Гомель-Ратон” ЭЭАсынын ортосундагы кызматташуу келишимине кол коюлду.

"Бишкек" ЭЭА "Гомель-Ратон" менен жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аталган келишимди ишке ашыруунун пландарын, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду жана эркин экономикалык аймактарынын резиденттеринин – бизнес-делегацияларынын өз ара сапарларын уюштуруу маселелерин деталдуу талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий