Бишкек жана Оштогу батирлердин биринен пенсионерлердин сөөгү табылды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарындагы батирлердин биринен пенсионерлердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, кечээ, 7-октябрда саат 20:32де куткаруучулар Бишкектин 8-кичирайонунда жайгашкан №10 үйүндөгү батирдин жабылып калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 72 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле Ош шаарында 7-октябрда саат 17:00дө куткаруучулар У.Салиева көчөсүндө жайгашкан №44 үйүнүн батирдин жабылып калган эшигин ачышкан. Үйдө 74 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылып, милицияга өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий