• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу аземи өттү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, меморандумга кол коюу президент Садыр Жапаровдун Италияга болгон иш сапарынын алкагында орун алып, документке мэр Айбек Жунушалиев менен муниципалитеттин башчысы Франческа Дель Белло кол коюшту.

Меморандумдун алкагында тараптар тажрыйба алмашуу жана кызматташуунун төмөнкү тармактарында шаарлар ортосундагы өз ара жакындашууну, достукту жана билимди өнүктүрүү жана колдоо үчүн инструментти түзүүгө ниеттенүүдө:

- шаарды башкаруу жана калыбына келтирүү;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү;
- билим жана маданият;
- социалдык өнүгүү;

Пикир

Оставить комментарий