• 87
  • 89.77
  • 0.79

Бишкек жана Санкт-Петербург шаарларынын кызматташтыгын активдештирүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Бишкек мэриясында калаа башчынын орун басары Азамат Кадыров Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра баштаган делегацияны кабыл алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда эки шаардын кызматташтыгын активдештирүү, маданий, экономикалык жана билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Тараптар Бишкек менен Санкт-Петербургдун өнөктөштүгүнүн тарыхый маанисин баса белгилеп, активдүү диалогдун калыбына келиши эки шаардын өнүгүүсүнө өбөлгө болорун кошумчалашты.

Евгений Кассюра тиешелүү эки тараптуу документтерди түзүү аркылуу Бишкек жана Санкт-Петербург шаарларынын мектептеринин ортосунда диалогду куруу, педагогикалык тажрыйба алмашуу жаатында практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар шаарды башкаруунун актуалдуу маселелерин чечүү үчүн эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө үмүттөнүштү, ошондой эле шаарды башкаруу, транспорт, экология, санариптештирүү, билим берүү жана маданият тармагында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн билдиришти.

Белгилей кетсек, Бишкек жана Санкт-Петербург шаарларынын өнөктөштүк мамилелери 2015-жылдын 24-ноябрында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий