Бишкек жана Циндао шаарларынын башчылары кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Циндао шаарынын мэри Чжао Хаочжинин расмий жолугушуусу өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуу эки шаардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн алкагында өтүп, анда жашылдандыруу жана экологиялык туруктуулук маселелери талкууланды.

Жолугушууда мэрлер шаар аймагынын жашылдандыруу, жашыл аймактарды башкаруу жаатында тажырыйба алмашуу жана экологиялык программаларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен долбоорлордун келечегин талкуулашты. Ошондой эле Циндао шаарынын жашыл парктарын түзүүдө жана сактоодо, ошондой эле экологиялык абалды жакшыртууда инновациялык чечүү жолдору боюнча ийгиликтүү тажырыйбасы менен бөлүшүштү.

Айбек Жунушалиев Циндао шаарынын тажырыйбасын алууга кызыкдар экенин билдирип, климаттын өзгөрүүсүнө жана шаардын экологиясынын сапатын жакшыртууда биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Эки тарап биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууга, анын ичинде жумушчу топторду түзүү жана билим жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу үчүн үзгүлтүксүз жолугушуну макулдашты.

«Биз Циндао менен кызматташууда, өзгөчө жашылдандыруу жана экологиялык туруктуулук маселелеринде чоң потенциалды көрүп жатабыз, бул биздин жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган маанилүү кадам», - деди Жунушалиев.

Циндао шаарынын мэри өз кезегинде Бишкек менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий