Бишкек ЖЭБи ысык суу берүүгө даяр — Энергетика министрлиги

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Жылуулук электр борбору белгилеген мөөнөттө ысык суу менен камсыз кылуу үчүн жылуулук жана турбиналык жабдууларды ишке киргизүүгө даяр.

Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, учурда ысык суу берүү үчүн даярдык иштери кызуу жүрүүдө.

Ошентип, Бишкек шаарынын ЖЭБинде ысык суу өчүрүлгөн учурдан тартып кыска мөөнөттүн ичинде төмөнкүдөй иштер аткарылды:

  • шаардын керектөөчүлөрүнө берилүүчү ысык сууну жылытуучу жана сордуруучу жабдууларды күйгүзүүгө жана өчүрүүгө тийиштүү тээктер оңдолду;
  • Бишкек шаарында түтүктөрдөгү жылчыктар жоюлду;
  • буу менен суунун агып чыгышына жол бербөөчү пломбалык материал алмаштырылды;
  • түтүктөрдүн мөөнөтү өтүп, жараксыз абалга келген участоктору алмаштырылды;
  • жылчыксыздыгын (герметика) жоготкон жапкычтар алмаштырылды;
  • Станциянын жылуулук тармактарынын задвижкаларын оңдоо иштери жүргүзүлдү
  • Оңдоо иштеринин сапатын тастыктаган гидравликалык сыноо жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБи "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКтын жана "Электр станциялары" ААКтын тиешелүү кызматтары тарабынан белгиленген жүктөө графиги боюнча "Бишкек жылуулук тармактары" тарабынан тапшырылган жылуулук жүктөмүн берүү менен иштейт.

Пикир

Оставить комментарий