Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө

Коом 0


Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 917 адам, 31 техника тартылды.

Анын ичинде ӨКМдин 55 куткаруучусу 9 техникасы менен ЖЭБдин имаратынын аймагын тазалап, жылуулоо ишин улантууда.

Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 5 чатыр тигилген.

ЖЭБдеги жумуштарды аткарууга тартылган жалпы 917 адамдын ичинен:

  • 728и Энергетика министрлигине караштуу ЖЭБдин жана электр компанияларынын кызматкерлери;
  • 100ү Мамкурулуштун куруучу жана атайын адистери;
  • ИИМдин 15 кызматкери;
  • Бишкек мэриясынын 19 кызматкери жана аталган жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 19 техника тартылып, ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү, оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Ал ортодо Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле президенттин тапшырмасы менен ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүлө турган болду. Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий