Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши: Сот жараяны уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.11.19 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян уланууда. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Отурумда айыпталуучулар бир катар өтүнүчтөрдү келтиришти. Алсак, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сотко Кылмыш-жазык кодексин иштеп чыккандардын бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевди чакырууну суранды.

Андан тышкары, ал мурдагы президент А.Атамбаевден сурак алуу өтүнүчүн келтирди.

Судья бул өтүнүчтөр буга чейин дагы айтылгандыгын билдирди. Сот алар боюнча буга чейин түшүндүрмө берген, ошондуктан, келтирилген өтүнүчтөр канааттандырылган жок.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий