• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкек ЖЭБинде кызматкерлер үчүн социалдык ашкана ачылды

Коом 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 25-июнда Бишкек мэринин орун басары Талайбек Байгазиев ЖЭБдин кызматкерлери үчүн социалдык ашкананын салтанаттуу техникалык ачылышына катышты.

Мэрдин орун басарынын, ишкана жетекчилигинин жана инвесторлордун колдоосунун аркасында бир жарым миңден ашык кызматкер жаңы ачылган ашканадан ишканын эсебинен тамактанышат.

Талайбек Байгазиев өз сөзүндө ишкананын жетекчилери ЖЭБдин кызматкерлеринин ишин жакшыртуу үчүн бардык шарттарды түзүп берүүсү керектигин, анткени шаарды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо жакшы координацияланган иштерден көз каранды экенин белгиледи.

Кызматкерлерди түрдүү тамак-аштар менен камсыз кылуу максатында жума сайын меню жаңыланып турат.

27-июндан баштап модернизацияланган ашкана ишкананын бардык кызматкерлерине эшигин ачат.

Пикир

Оставить комментарий