• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Бишкек ЖЭБинде турбинаны жана от казан агрегатын оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0


Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын ЖЭБинде турбиналык жана от казан агрегатында оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, турбина коопсуз эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу үчүн капкагын кеңейтилген диагностикасы менен кезектеги оңдоого жөнөтүлдү. Энергетиктер эскирген тетиктерди жана секцияларды ачкан каталарды аныктоо иштерин жүргүзүшөт. Дефект болгон элементтер алмаштырылат.

"Оңдоо процессинде адистештирилген уюм турбинанын иштөө мөөнөтүн узартуу менен анын техникалык диагностикасын жүргүзөт. Мында станцияда котельный агрегаты орто ремонттон өтүп жатат. Бул жерде иштин көлөму да олуттуу. Адистер эскирген жерлерин алмаштырып, диагностика жүргүзүп, от казандын элементтерин алмаштырышат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ЖЭБдеги бардык оңдоо иштери графикке ылайык жүргүзүлүп, жаңы жылытуу мезгилинин башталышына карата негизги оңдоо иштери аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий