• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Бишкек ЖЭБине 285 миң тоннадан ашык көмүр даярдалды

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Бишкек ЖЭБинде учурда 285 миң 428 тонна көмүр жана 2,917 миң тонна мазут бар экенин ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, камсыздоо графиги бүткүл күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилине ылайыкталган. Көмүрдөн тышкары мазут, газ да бар. Бардык тартылган техника нормалдуу иштеп жатат.

Оңдоо иштери белгиленген график боюнча жүргүзүлүүдө.

Өткөн суткада ишкана 4,74 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн. «Бишкектеплосеть» ишканасы тарабынан белгиленген жылуулук графиги толугу менен сакталып, +65 градусту түзөт.

Жалпысынан ЖЭБде 15 от казан жана 7 кайчылаш турбоагрегат, ошондой эле 3 жана 4, 2 энергоблок бар.

Пикир

Оставить комментарий