Эл аралык саясаттагы глобалдык өзгөрүүлөр, дүйнөлүк экономиканы өйдө-ылдый калчап, коопсуздук чөйрөсүнүн начарлашына алып келүү менен бир катар мамлекеттерде чыр-чатактардын курчушуна себеп болду. Бирок, ошол эле мезгилде дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жаңы күч жана таасир борборлорунун пайда болушуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Аны менен катар, дүйнөлүк соодага олуттуу жылыштарды алып келе турган Улуу Жибек Жолу кайра жандана баштады. Бул Евразия континентинде кызматташуунун мейкиндигин курууда Борбордук Азиядагы мамлекеттердин ролу бекемделди.
Бишкек, акыркы жылдарда Борбор Азияда саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөдө кайра курууларды ийгиликтүү өткөргөн маанилүү саясий борбор катары позициясын бекемдеп, чыңдай алды. Президент Садыр Жапаров баштаган команда мамлекет ичинде олуттуу реформаларды жүргүзүп, Кыргызстандын тышкы айлампадагы позициясын бекемдеди. Биздин өлкөнү эң ири жана таасирдүү дүйнөлүк державалар менен стратегиялык ар тараптуу өнөктөштүк мамилелер байланыштырып турат. Алар менен биздин мамлекет өз ара урматтоо жана ишеним мамилелерин чыңдап жана өнүктүрүп келе жатат.
Борборубузга ШКУ, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери гана эмес, дүйнөлүк лидерлер келип жатканы Бишкектин эл аралык аренадагы татыктуу орун ээлегенин ачык далилдеп турат. Ноябрь айынын башында Кыргызстандын саясий турмушунун жаңы борбору болгон “Ынтымак Ордого” Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын иш сапарларын, ал тургай Түрк мамлекеттери уюмунун мамлекет башчыларынын саммитине келген конокторду жогорку деңгээлде кабыл алды.
Кыргызстандын экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов белгилегендей, Садыр Жапаровдун дүйнөлүк лидерлери менен жеке ишенимдүү мамиле түзгөндүгү абдан маанилүү. Себеби, бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына таасир этет. «Эрдоган жашыл экономика тармагындагы долбоорлордун өнүктүрүү үчүн Кыргызстандын тышкы карызын кечкенин жарыялаганы, анын Кыргызстанга жана кыргыз элине болгон мамилесин көрсөтүп турат. Албетте, бул биздин президентке карата жасалган ишарат. Бул дагы дүйнөлүк коомчулукка үлгү, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана чындап эле чакан тоолуу мамлекеттерге колдоо көрсөтүү үчүн эмне кылуу керек экендигин ачык-айкын көрсөтүп турат», - деп баса белгиледи Аликбек Жекшенкулов.
“Эрдогандын мамлекеттик сапары протоколдук жактан да, мазмуну жагынан да кынтыксыз уюштурулду. Айрыкча конокту атчандардын коштоосунда тосуп алуу жөрөлгөсү жана улуттук кийимдер көңүл бурууга арзыйт. Түркиянын аймактык да, эл аралык да саясатта олуттуу салмагы бар, ошондуктан Бишкек менен Анкара акыркы мезгилде мамилелерин жемиштүү куруп жатканы албетте пайдалуу. Виктор Орбандын келиши да маанилүү окуя. Анткени Венгриянын премьер-министри европалык саясаттагы маанилүү фигура жана анын бедели өзгөчө АКШдагы президенттик шайлоодон кийин ого бетер өстү. Орбан, өзүнүн дарегине айтылган сын пикирлерге карабастан, АКШга Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн барган. Дүйнөлүк согуштун сынчысы, саясий оюн карталары өз ордуларына келгенде, Венгрия Европа Биримдигинде негизги жаратман ролдордун бирин ойной баштайт”, - деп белгилейт Аликбек Жекшенкулов.
Буга байланыштуу, биз Виктор Орбандын бүткүл дүйнөлүк маалымат каражаттарына тараган сөзүн эстей алабыз. Тагдырдын буйругу окшойт, АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу жана Кыргызстандагы ТМУ саммити бир убакта өттү. «Дональд Трамп жеңишке жеткенде мен шампан ичем деп убада бергем. Бишкекте салттар башкача экен, ошондуктан бул фантастикалык жеңиштин урматына арак ичим койдум», - деди Венгриянын премьер-министри ЖМКларга.
Эгерде маселеге олуттуу карасак, татаал геосаясий мозаикада Бишкек Борбор Азиядагы өнүгүүнүн маанилүү борборлорунун бирине айланууда. Биз ири континенттин негизги соода жолдорунун кесилишинде турабыз, Жибек Жолунун кайра жаралышы, транспорттук алкактын өнүгүшү Евразиянын ар кайсы четиндеги ондогон өлкөлөр үчүн келечекке жол ачат. Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан ачык, салмактуу жана принципиалдуу эл аралык саясат, өлкө үчүн ар тараптуу өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат деп белгилейт тарыхчы, коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов.
«Биз ар кандай цивилизациялар жолугушкан жерге айлана алабыз. Мындан 20 жыл мурун мен Бишкек Борбор Азиянын Рими же Афинасы болуп калышы мүмкүн деп жазган элем. Анткени бизде амбиция жок, ири державалардын ортосунда гегемония үчүн күрөш жок болчу. Биз Жакынкы Чыгышта Ливан болуп, өзүбүзгө бардыгын тарта турган борбор болуп, Батыш жана Чыгыш Евразия коомунун көргөзмө аянтчасы, элдер, илимпоздор, саясатчылар ар кандай эл аралык конференцияларда жолугушкан жайга айлана алабыз», - дейт Зайнидин Курманов.
Азыр эл аралык мамилелерге сиңип калган маанилер өнүгүүнүн жаңы багыттарын түзүп, кызматташтыктын горизонтторун кеңейтүүдө. Бул координаттар системасында Кыргызстандын тышкы саясаты кыйла ийгиликтүү жүрүп жатат жана эл аралык өнөктөштөр биздин өлкөнү глобалдык диалогдун тең укуктуу катышуучусу катары кабыл алышат.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий