Бишкек Жылуулук электр борборунда күз-кыш мезгилине даярдык уланууда

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда пландык жана капиталдык оңдоо иштери, ошондой эле жабдууларды, имараттарды жана курулуштарды оңдоо жүрүп жатат.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, аталган иштер 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү жана Бишкек шаарына жылуулук жана электр энергиясын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз берүү максатын көздөйт.

Бүгүнкү күндө №23-отказан агрегатына орто оңдоо иштери жана №7-турбиналык генераторду оңдоо толук бүткөрүлдү. Баардык иштер белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүп жатканын белгилей кетүү зарыл.

Ошондой эле 2024-жылдын 1-июлунан тарта 1-октябрына чейин №3 жана №4-блокторго капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, модернизацияланган бөлүктү ишке бергенден бери 7 жыл өттү жана бул аралыкта капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Буга байланыштуу, белгиленген долбоордук 300 МВт кубаттуулуктун ордуна болжолдуу кубаттуулук 200 МВт болуп калды.

Ошондуктан бүгүнкү күнү №3, 4-блокторго пландалган иштердин майда-чүйдөсүнө чейин ЖЭБдин адистери жана кытай компаниясы ТВЕА менен биргеликте мониторинг жүргүзүлүп, материалдардын тизмеси даярдалды.

№3, №4 блокторго оңдоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин блоктордун кубаттуулугу 300 МВт чейин көтөрүлөөрү пландалууда.

Ушуну менен бирге эле булганыч заттардын чыгышын азайтуу үчүн №3-блоктун электрдик чыпкасы тазаланды жана №4-блоктун электрдик чыпкасын тазалоо боюнча иштер жүрүп жатат.

ЖЭБдин кампасындагы отундун: көмүр 246 032 миң тонна, мазут 0 895 миң тонна калдыктарды эске алуу менен 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине ЖЭБди даярдоо үчүн жана электр жана жылуулук энергияны берүүгө 1 млн тонна көмүр, 110 млн 679 миң м³ газ, 8 миң тонна мазут түшүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий