• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

"Бишкек жылуулук тармагы" абоненттер үчүн уюлдук колдонмону ишке киргизди

Коом 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. "Бишкек жылуулук тармагы" өзүнүн абоненттери үчүн уюлдук колдонмону ишке киргизди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эми абоненттер колдонмону Play Market жана App Store аркылуу бекер жүктөп алып, анын жардамы менен электрондук төлөм үчүн эсеп-дүмүрчөк ала алышат. Ошондой эле төлөмдөрдү жүргүзүп, прибордун көрсөтмөлөрүн берип, көрсөтмөлөрдүн таржымалын текшерип, маанилүү жаңылыктар жана оңдоо иш-чаралары тууралуу маалыматтарды алууга болот.

Белгиленгендей, уюлдук колдонмосу мекеме менен абоненттердин ортосундагы иш-аракеттерди кыйла жөнөкөйлөтүп, аларга кыргыз жана орус тилдеринде жылуулук жана ысык сууну керектөө тууралуу маалымат алмашуунун ыңгайлуу жана ишенимдүү ыкмасын камсыздайт.

Бул долбоордун негизги максаттарынын бири – санариптештирүү жана кагаз дүмүрчөктөрдү колдонууну азайтуу.

"Бишкек жылуулук тармагы" экологиялык жоопкерчиликти сактоого, компаниянын акчасын үнөмдөөгө жана төлөмдөрдү төлөө процессин ыңгайлуу кылуу үчүн заманбап технологияларды жигердүү киргизүүгө умтулат. Келечекте абоненттердин муктаждыктарына жараша тиркеменин функционалдуулугун кеңейтет.

Пикир

Оставить комментарий