• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

"Бишкек жылуулук тармагы" Осмонкул көчөсүндө оңдоо иштерин улантууда

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы Никитин жана Салиева көчөсүнүн ортосундагы Осмонкул көчөсүндөгү түтүктөрдү алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жылуулук менен камсыздоо сапатын жакшыртуу максатында аткарылууда.

Осмокул көчөсүндөгү узундугу 127 метр, диаметри 325 мм түтүктөр алмаштырылат. Жылуулук тармагынын бул участогу 1985-жылы ишке киргизилип, өзүнүн эксплуатациялоо мөөнөтүн өтөп бүткөн.

Түтүктөрдү алмаштыруу шаардын бул аймагында жылуулук жана ысык суу менен сапаттуу жана үзгүлтүксүз берүүнү камсыздайт.

Эске сала кетсек, оңдоо иштери 27-августта башталып, 2024-жылдын 13-сентябрына чейин уланат. Ушуга байланыштуу Никитин жана Салиева көчөлөрүнүн аралыгындагы Осмокулов көчөсүндө жол кыймылы толугу менен жабылган.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы оңдоо иштери учурундагы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алып жаткандарына ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий