• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

"Бишкекгаз" ишканасы жарандарды шылуундарга ишенбөөгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 14.08.24. /Айпери Кожоева – Кабар/. “Бишкекгаз” ишканасынын башчысынын орун басары Ислам Абдикаров жарандарды шылуундарга ишенбөөгө чакырды.

Ал белгилегендей, учурда жеке фирмалардын атын жамынып, газ киргизип берүүнү убадалаган шылуундарга алданып калган жарандардан кайрылуулар түшүүдө.

“Сөзсүз түрдө алардан кызматтык жеке күбөлүктөрүн көрсөтүүсүн жана кайсы фирма менен келишим түзүп жатканыңыздарды тактаңыздар. Ошондой эле каражат төлөп жаткан учурда сөзсүз түрдө квитанция талап кылыңыздар”, - деди Абдикаров.

Ал белгилегендей, учурда газ киргизүүгө эң ыңгайлуу учур, себеби кезек күтүү аз. "Эгер кайрылууну кааласаңыздар 4444 номери аркылуу байланышыңыздар", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий