• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекке «AstraZeneca» вакцинасынын 10 миң дозасы бөлүндү

COVID - 19 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Бишкекке Оксфорд университети менен кызматташтыкта швеция-британиялык өндүрүшчүлөр тарабынан иштелип чыккан «AstraZeneca» вакцинасынын 10 миң дозасы бөлүндү. Бул тууралуу борбор калаадагы эпидемиологиялык абал боюнча брифингде Бишкек Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асылбекова билдирди.

Анын айтымында, вакцинаны 18 жаштан ашкан бардык каалоочулар ала алышат.

«Биринчи жана экинчи дозалардын ортосундагы аралык 4-12 жуманы түзөт»,-деди ал.

Эскерте кетсек, 16-июлда Кыргызстанга Азербайжандан гуманитардык жардам катары COVID-19га каршы «AstraZeneca» вакцинасынын 40 миң дозасы келген.

Пикир

Оставить комментарий