Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Бишкекке Ирандын футбол боюнча курамасы келди.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, спортчуларды "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алышты.
Иран курамасы Бишкекке 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында өтө турган Кыргызстан - Иран беттешине катышуу үчүн келди.
Белгилей кетсек, оюн 19-ноябрда саат 20:00дө борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Билеттер стадиондун кассаларында жана kassir.kg сайтында сатылууда.
Пикир
Оставить комментарий