• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Бишкекке Монтана Улуттук гвардиясынын башчысы келди

Коом 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Бишкекке Монтана Улуттук гвардиясынын командачысы Мэтью Куин келди.

АКШ элчилигинен билдиргендей, бул сапар Монтана штатынын Улуттук Гвардиясынын Кыргыз Республикасы менен Мамлекеттик өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашууда. Монтана штатынын адъютант-генералы, Улуттук гвардиясынын командачысы генерал-майор Мэтью Куин Кыргызстанда 11-мартка чейин болот. Быйыл КР жана Монтана штатынын Улуттук Гвардиясынын Мамлекеттик өнөктөштүк программасынын түзүлгөнүнүн 22 жылдыгы белгиленет.

Белгилей кетсек, КР жана Монтана штатынын Улуттук Гвардиясынын Мамлекеттик өнөктөштүк программасы 1995-жылы башталган. 1996-жылдан тартып 850 кыргызстандык алмашуу программасы боюнча Монтана штатында болушту. Жаратылыш кырсыктарына даярдык, тынчтык куруу потенциалын бекемдөө жана медициналык мүмкүнчүлүктөр, билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу бул өнөктөштүк программасынын натыйжасы болуп калды. Монтананын солдаттары жана учкачтары кыргызстандык кесиптештери менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн баалашат.

Пикир

Оставить комментарий