• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекке Москвадан 426 жаран учуп келди. Арасында медицина кызматкерлери бар

Коом 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-июлда «Аэрофлот – Россия аба жолдору» авиакомпаниясынын Москва – Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 426 жараны кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жарандардын кайтып келиши дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн.

Кыргызстанга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар кайтып келишти.

"Бул каттам менен ошондой эле Кыргызстанга Россиядагы мекендештердин арасынан 45 практик дарыгер жана медкызматкерлер коронавирус инфекциясы жана өпкө сезгениши илдети менен ооруп жаткан бейтаптарды дарылап жаткан кыргыз медиктерине чын ыкластан жардам берүүгө кошулуу үчүн келишти", -деп айтылат маалыматта.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий