Бишкекке Новосибирсктен 205 кыргыз жараны учуп келди

Коом 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Кыргызстанга «Сибирь авиалиниясы» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен «Новосибирск–Бишкек» каттамы боюнча 205 жаран, анын ичинде жаш балдар кайтарылды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жарандардын кайтып келиши дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруунун негизинде ишке ашырылды.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон КР жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн, алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, медициналык операция жасаткандар, Россиянын Сибирь федералдык округунун ЖОЖдорунда окуган кыргызстандык студенттер бар.

Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий