• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекке Санкт-Петербургдан 166 кыргыз жараны кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 22-августта «Урал Авиалиния» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен 166 кыргызсатндык Бишкекке учуп келди, арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандыктардын өз ара аракеттешүүсү боюнча түзүлгөн ыкчам штабынын алдындагы комиссия тарабынан КР жарандарынын жеке өтүнүчтөрүнүн негизинде түзүлгөн.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий