• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкекке жаңы автобустар келгенден бери абанын сапаты жакшырды

Коом 0

Бишкек, 30.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкекке жаңы автобустар келгенден бери абанын сапаты жакшырды. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, борбор калаага миң экологиялык таза автобустар алып келинген. Автобустар каттамга чыккандан бери 100 тоннадан ашык дизель отуну колдонулбай калды.

“Бишкектин ичиндеги кичи автобустар шаар четине чыгарылды. Муну менен 100 тоннадан ашык дизель отунун колдонуу азайды”, - деди ал.

Ошондой эле Асел Раимкулова абанын булгануусун алдын алуу үчүн Бишкек санитардык полигонундагы таштандылардын күйүүсү толугу менен өчүрүлүп, 5 гектар жерге 3 миң түп көчөт отургузулду.

"Мындай чаралар аркылуу январь айындагы жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдө зыяндуу заттардын көлөмү 9 эсе төмөндөгөн. Бишкек шаары менен Чүй облусунун 52 жаңы конушу газдаштырылды. 25 миң 883 үйдүн 19 миңден ашыгынын от казаны газга туташтырылды”, - деп кошумчалады министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий