• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкекке “Жаңы күч керек!”

Саясат 0


Кыргызстандын саясий аренасында жаңы оюнчу катары “Жаңы күч – Новая сила” саясий партиясы 2024-жылдын апрель айында түзүлгөн, анын курамында жаш жана динамикалуу талапкерлер, өз ишин мыкты билген жана тажрыйбалуу адистер, ошондой эле өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошкон кадырлуу жана урматтуу адамдар бар.

Партиянын башкы максаты - шаардыктардын жашоосу, эмгеги жана эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жакшыртуу, жаңы кошулган конуштардын инфраструктурасын шаарга натыйжалуу интеграциялоо, жаңы парктарды, аллеяларды жана эс алуу зоналарын куруу жолу менен шаардын “жашыл” фондун сактоо жана көбөйтүү.

“Жаңы күч – Новая сила” партиясы Бишкек шаарын жөө жүргүнчүлөрдүн шаары деп эсептейт! Шаар боюнча ыңгайлуу жүрүүгө шарт түзүү, “Жөө жүргүнчү – Самокат-айдоочу – Автоунаа” өз ара мамилелерин жөнгө салуу, майыптуулугу бар адамдар жана коляскасы бар энелер үчүн ыңгайлуулукту эске алуу менен заманбап жер үстүндөгү жана жер астындагы өткөөлдөрдү курууну сунуштайт.

Биз шаардыктардын сергек жашоо образын жайылтуу, велоспорт үчүн шарттарды жакшыртуу, жаңы дене тарбия комплекстерин жана шаар боюнча эс алуу аймактарында чоңдор жана балдар үчүн аянтчаларды куруу боюнча чечимдерди сунуштайбыз! Партиянын программасы жана талапкерлердин тизмеси менен партиянын сайтынан кеңири таанышсаңыздар болот: www.novayasila.kg

"Кабар" КУМА тарабынан даярдалды, Бишкек шаары, Абдрахманова, 175. Нускасы: 1 экз. Чыккан күнү: 2024-жылдын “18” октябры. "Жаңы күч - Новая сила" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.А. Төлөбатова тарабынан төлөндү.

Пикир

Оставить комментарий