"Бишкексууканал" Дэн Сяопин проспектисинде аккан сууну токтотуу аракетин көрүүдө

Коом 0


Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 29-июнда “Бишкексууканал” муниципалдик ишканасынын адистери Дэн-Сяопин проспектисинде аккан сууну токтотуу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Мындай кырдаал эки катмарлуу асфальт бетинин астында жайгашкан диаметри 150 мм болгон чоюн түтүктүн бузулушунан улам келип чыккан.

Учурда адистер кырсыкты жоюу боюнча жигердүү иш алып барууда. Кыйынчылыктар эки катмар асфальт төшөлгөн жолдун бетинде иштерди жүргүзүү зарылчылыгына келип чыгууда. Ишти мүмкүн болушунча тез бүтүрүү үчүн болгон аракет көрүлүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы оңдоо иштерине байланыштуу келип чыккан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жергиликтүү тургундарга түшүнүү, сабырдуулук көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий