«Бишкексвет» 664 көчөнү жарыктандырды - мэрия

Коом 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Калаанын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри Алимбек Абдылдаевдин жетекчилиги алдында «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча 8 айдын ичинде бир жылдын планын аткарды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыл башында шаар мэри Азиз Суракматов ишкананын планын карап, калаанын төрт районуна 10 миң түстүү чырак орнотууну тапшырган.

«22-сентябрга карата биз он миң чырак орнотуп, 206,6 км аба электр өткөргүч линиялары тартылды. Жалпысынан 664 көчө жарыктандырылды», - деп айтылат маалыматта.

Шаар бийлиги белгилегендей, эффективдүү башкаруунун жана цех ачуу менен иштин көлөмү бир кыйла көбөйтүлдү. Ал жерде эки миң бетон түркүк жана ушунча торшердик түркүк дайындалган.

Жарыктандыруу иштери улантылууда.

Бишкек мэриясы эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштерин эскертет: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу жазуу түрүндө кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий