• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Бишкекте 1 583 трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында 314 трансформатордук көмөк чордондо капиталдык оңдоо жүргүзүп, 1 583 трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрдү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, иштер Бишкек электр тармактар ишканасы тарабынан аткарылды.

Ошондой эле 6/10-0,4 чыңалуудагы 99,1 чакырым аба чубалгылары оңдолуп, 1960,5 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөн.

Мындан тышкары, энергетиктер 5,74 чакырым аба чубалгыларын өзүн-өзү изоляцияланган СИП-3 зымга алмаштырып, ГКТП тибиндеги 30 шкафын орнотушту. Бишкек шаарында 35/10/6- 0,4 кВ чыңалуудагы 31,6 чакырымдан ашык кабелдик чубалгылары реконструкцияланган.

Белгилей кетсек, бардык иштер керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий