Бишкекте 1-майдан тарта фонтандар иштеп баштайт

Коом 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. 1-майдан тартып Бишкектеги фонтандар иштеп баштайт, деп билдиришти мэриядан.

Учурда фонтан сезонун ачууга даярдыктар көрүлүүдө.

Жалпысынан муниципалдык ишкананын балансында 17 фонтан комплекси бар.

“Фонтан комплекстерин оңдоо иштери кыш бою жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө суу өлчөөчү приборлор орнотулуп, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө”, – деп кошумчалашты муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий