Бишкекте CAMCA 2024 аймактык форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. / Кабар/. Бишкекте жыл сайын өтүүчү САМСА 2024 форуму өтүүдө.

Быйылкы аймактык форумда "CAMCA`нын алдыга карай жолу: Инновациялар аркылуу илгерилөө жана аймактык байланыштарды чыңдоо" темасы талкууланып жатат. 2 күнгө созула турган иш-чара муну менен онунчу ирет уюштурулууда. Ал эми Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүүдө.

CAMCA аймактык форуму (Central Asia, Mongolia, the Caucasus and Afghanistan) - бул региондогу (Борбор Азия, Монголия, Кавказ, Афганистан) экономикалык өсүштү жана социалдык өнүгүүнү илгерилетүү жолдору боюнча региондук талкууларды жүргүзүү үчүн түзүлгөн саясий эмес аянтча.

CAMCA`га 10 мамлекет мүчө: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Афганистан, Монголия, Азербайжан, Армения жана Грузия. Аймактык форумга 22 мамлекеттен 250дөн ашык катышуучу келген.

Форумда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов акыркы жылдары Кыргызстандын социалдык-экономикалык чөйрөлөрүндө аткарылган иштер тууралуу айтып берди.

Пленардык талкуулардын жана тегерек столдордун алкагында, аймактар аралык соода, транспорт жана транзит, аймактык бизнес жана инвестиция, экономикалык өнүгүү, ишкердик жана инновация, адам капиталы жана билим берүү жана башка бир катар темалар талкууланды.

"Байыркы Жибек Жолунда жайгашкан өлкөлөрдүн жашоочуларынын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн биз аймактык деңгээлде биригип, айрым маселелерди чечүүнү, бири-бирибиз менен тажрыйба алмашууну каалайбыз", - деп белгиледи CAMCA`нын өкүлү Айнура Сагын.

Пикир

Оставить комментарий