• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте "Легенд Девелопмент" компаниясынын курулушу токтотулду

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бишкекте "Легенд Девелопмент" компаниясынын курулушу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мамкурулуш жарандардын арызына байланыштуу Горький жана Радищев көчөлөрүнүн кесилишинде жогорудагы компания тарабынан жүргүзүлүп курулушу жаткан объектини текшерүү боюнча көчмө комиссия түзүлүп, жеринен текшерилди.

Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов жана Мамлекеттик архитектура жана курулуш контролдоо башкармалыгынын директору Эрназарбек Сүйеркулов арыз ээлеринин катышуусу менен жеринде комиссиялык иш-чара жүргүзүштү. Ошентип, жогоруда аталган объект боюнча "Легенд Девелопмент" ЖЧКсы куруп жаткан объектинин мыйзамдуулугу аныкталганга чейин курулуш иштерин токтотуп туруу менен катар бир катар тапшырмалар берилди.

Ал эми арыз ээлерине айтылган бардык аргументтер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мамкурулуш агенттиги куруучуларга курулуш-монтаждоо иштерин бекитилген долбоордук документацияга ылайык, бардык коопсуздук нормаларын сактоо менен жүргүзүүнү эскертет.

Пикир

Оставить комментарий