Бишкекте 11-июлда “Ак-Кула” ипподромун сатуу боюнча аукцион өтөт

Коом 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 2024-жылдын 11-июлунда Ак-Кула ипподромунун мүлк комплексин сатуу боюнча аукцион өткөрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, “Ак-Кула” ипподромунун мүлк комплекси буга чейин электрондук аукционго коюлган.

Белгилей кетсек, мүлк комплекси 46 лотко бөлүнгөн. 37 лоттук аукцион 11-июлда өткөрүлөт.

Муниципалитеттин алдында мүлк комплексинин аймагында мектептерди, бала бакчаларды, инженердик курулуштарды, жолдорду жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды.

Аукциондун жыйынтыгында жер участогу менчикке өткөрүп берилет.

Аукционго катышуу үчүн электрондук санариптик кол тамга флеш-картасын сатып алып, шилтеме аркылуу катталып, ылайыктуу аукциондук лотту таап, маалыматтарды толтуруп, андан кийин төлөм коду аркылуу катышуу үчүн сумманы төлөө керек.

Аукционго катышуучунун колдонмосу менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот:

Торука катышуучунун колдонмосу

Пикир

Оставить комментарий