• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте 12 жылдык билим берүү системасын талкуулаган тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Күн мурун Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунда "12 жылдык билим берүү: Алдыга кадам" аттуу тегерек стол өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага жогорку окуу жайлардын илимий иштер боюнча проректорлору, окутуучулары, студенттери, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү жана жаш окумуштуулар катышты.

Алгач Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү тегерек столдун катышуучуларына "Алтын казык" программасы тууралуу кенен маалымат берилди. Ал эми "Он эки жылдык билим берүү: дүйнөлүк тенденциялар жана илимий негиздөөлөр" тууралуу педагогика илимдеринин доктору, профессор Нурбүбү Асипова айтып берди.

Билим берүү жана илим министрлигинин астындагы педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берип, 12 жылдык билим берүү жана "Алтын казык" программасынын зарылдыгы жана артыкчылыктарына кенен токтолду.

Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элизат Куштарбек кызы 12 жылдык билим берүүнүн бала бакчаларга тийгизген таасири жөнүндө баяндады.

Белгилей кетсек, министрликтин буйругуна ылайык 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө илимий коштоо жүргүзүү үчүн профессорлор, академиктерден турган жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун координатору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын илимий иштери боюнча проректору Нурмира Абдыбекованын айтымында, жумушчу топ март айынан бери семинар, эл аралык конференция жана тегерек столдорду университеттердин базасында уюштурууда.

"Кийинки иш-чараны Кыргыз-Орус Славян университетинде декабрь айында өткөрүүнү пландап жатабыз. Анда биздин чет өлкөдө жүргөн окумуштуулар дагы онлайн катышып, докладдарын окуп берип, чет өлкөдөгү тажрыйбаларды практикада кароо сунушталууда. Бул 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктарын, келечегин коомчулукка жеткирүү максатында жасалып жаткан иштердин бири", - деди Абдыбекова.

Белгиленгендей, жыйын суроо-жооптор менен коштолуп, кызуу өттү. Тегерек столго мугалимдер жана кызыктар тараптар онлайн дагы катышышты.

Пикир

Оставить комментарий