• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча КР президентинин кубогу өтөт

Спорт 0


Бишкек, 17.08.24. /Кабар/. 21-22-23-августа Бишкек шаарындагы Каба Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргыз күрөшү боюнча КР президентинин кубогу жана II Дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Кыргыз күрөш федерациясы билдирди.

Иш-чара Дене-тарбия жана спорт департаменти, Кыргыз күрөш федерациясы жана Эл аралык кыргыз күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.

"Бүгүнкү күндө 30тан ашык мамлекет каттоодон өтүп, 200 дөн ашык спортчулар келип күч сынашат. Тактап айтсак, пезиденттин кубогунда Америка, Африка, Европа жана Азия мамлекеттеринин алптары күч сынашат. Ал эми кубоктун жалпы байге фонду 1 млн сом жана баш байге балуу таштар менен шөкөттөлүп жасалган калкан", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна мамлекеттин атынын 2 балбан катышса, II дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионатына 16 жана кыз-келиндер арасында 6 балбан күч сынашат.

Дүйнөнүн 17, Европаныны 2, Азиянын 8, Көчмөндөр оюндарынын 2 жана өз мамлекеттеринде чемпион болгон 7 балбандын катышуусу күтүлүүдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чарага журанлисттерди аккредитациялоо 0700008191 телефону жана gulzara.kokenova@mail.ru почтасы аркылуу жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий