• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Бишкекте 1,4 миң чарчы метр муниципалдык жер бошотулду

Коом 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Бишкектин Бакаев көчөсү 140/5 дарегинде жайгашкан муниципалдык аймакка мыйзамсыз орнотулган темир тосмолор алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштин жүрүшүндө 151 метрди түзгөн темир тосмо жана 40 тонналык эки контейнер алынды. Мыйзамсыз тосмодон бошотулган муниципалдык жердин жалпы аянты 1 миң 400 чарчы метрди түзөт.

Буга чейин мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.

Пикир

Оставить комментарий