• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте прокуратура кызматкерлери студенттерге лекция окушту

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан Кыргызстан Эл арарлык университетинин студенттерине “Жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын ролу жана орду” тематикасында лекция өткөрүлдү.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, лекция Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 100 жылдык мааракесине карата уюштурулду.

Аталган иш-чарада студенттерге Кыргыз прокуратурасынын тарыхы, прокуратурдук көзөмөлдүн укуктук негиздерии жана прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө кенен маалымат берилип, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооптор узатылды.

Пикир

Оставить комментарий