• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте 17 жаштагы айдоочу окуучуну жөө өтмөктөн сүзүп кеткен — видео

Кырсык 0


Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Бишкектин Чүй менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде 1-февралда 17 жаштагы айдоочу Volkswagen Passat унаасында жөө өтмөктөн өтүп бараткан 15 жаштагы окуучуну сүзүп кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгынан жабыркаган окуучу ооруканага жеткирилген.

Ал эми айдоочу тергөө кызматына жеткирилип, унаа айып аянтчасына токтотулган.

Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий