Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы шаардын транспортун камсыздаган 19 көмөкчордонду оңдоодо. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштери троллейбус ишканасынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Анда көмөкчордондордун ичи жана сырты капиталдык оңдоодон өтөт.
"Көмөкчордондор өткөн кылымдын 40-50-жылдары курулгандыктан оңдоп-түзөөгө муктаж", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий