• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте 2 акча алмаштыруу жайына айып салынып, экөөсүнүн лицензиясы токтотулду

Экономика 0

Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Бишкекте эки акча алмаштыруу жайына айып салынып, экөөсүнүн лицензиясы токтотулду.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, КР мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду:

  • 2024-жылдын 30-ноябрынан тартып 14-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150/10-үй дареги боюнча жайгашкан "Кут плюс" алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 21-майындагы № 6823 лицензиясы;
  • 2024-жылдын 30-ноябрынан тартып 9-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 105-үй, № 1 а бөлмө дареги боюнча жайгашкан "Абдель" алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 7-декабрындагы № 6657 лицензиясы.

Пикир

Оставить комментарий