Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Бишкекте 2 жашар бөбөктү унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 27-октябрда 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндүн унаа токтотуучу жайында орун алган.
Аныкталгандай, 27-октябрда саат 21:30 чамасында "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 2000-жылы туулган Н.Р. жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүп жатып, жолдо бара жаткан 2 жашар М.А. аттуу кызды байкабай калып, сүзүп кеткен.
Учурда унаа убактылуу кармоочу жайга токтотулду. Унаанын айдоочусу наркологиялык текшерүүдөн өткөрүлүп, бөбөккө соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бөбөккө баш мээсинин жабык жаракаты, баш мээнин чайкалышы жана бетинин сол жагы сүрүлгөн деген диагноз коюлган.
Бул факты боюнча иликтөө иштери уланууда.
Пикир
Оставить комментарий