• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 24 жаштагы кыз Subaru Outback унаасын айдап качты деп шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Бишкекте 24 жаштагы кыз Subaru Outback унааны айдап качты деп шектелүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрда болжол менен саат 02:50лөр чамасында “102” кызматына Эркиндик бульвары жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен автоунаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барган. Жеринде 25 жаштагы Ж.О. аттуу жаран арыз жазган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 02:40тар чамасында арыз ээсинин токтоп турган “Субару Аутбек” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз кыз айдап кеткен.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 24 жаштагы А.Ф. аттуу кызды кармашып, Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий