• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Бишкекте 25,6 миңден ашуун үй газдаштырылды

Коом 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Бишкектин вице-мэри Талайбек Байгазиев коллегиянын жүрүшүндө 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, учурда шаардын 43 (анын ичинде АТР) конушундагы 58 миң 638 үйгө магистралдык газ түтүктөрүн тартуу иштери аяктап, 25 миң 612 турак жай газдаштырылды.

Байгазиев кошумчалагандай, шаардын экологиялык абалын жакшыртуу максатында калк арасында газ бөлүштүрүүчү тармакка кошуу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий