• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте 3 күн бою Drama. Lab заманбап драматургия фестивалы өтөт

Коом 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. 29-ноябрдан 1-декабрга чейин Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында Drama. Lab аталышындагы драматургия фестивалы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, иш-чаранын алкагында Борбор Азиянын Драматургиялык лабораториясынын негизинде жаралган 8 жаңы пьеса көрсөтүлөт. Бул лаборатория Ташкент шаарындагы Ильхом театрында өткөрүлгөн.

Пьесалар акыркы жылдын ичинде аймактагы таланттуу драматургдардын 25 эмгегинин ичинен тандалып алынган. Фестиваль заманбап драматургия менен таанышууга жана жаңы пьесалар аркылуу авторлордун күйөрмандарга эмнени айткысы келгенине жооп табууга мүмкүнчүлүк берет.

Анда профессионалдуу актёрлордун аткаруусунда бир нече пьесанын окуулары жана талкуулар уюштурулат.

Иш-чара 3 күн катары менен саат 17:00дө башталат. Билеттер kassir.kg сайтында жана театрдын кассасында сатылууда. Долбоор Швейцария конфедерациясынын колдоосу менен ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий