• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

Бишкекте 3 жылдан бери издөөдө жүргөн "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Бишкекте 2017-жылдан бери издөөдө жүргөн "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-декабрь Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" диний экстремисттик уюмдун 32 жаштагы Т.Ж. мүчөсүн кармашты.

Кармалган жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча кошумча тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий